Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды




НазваниеБул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды
страница14/17
ишенимдүү берген
Дата конвертации22.09.2012
Размер1.97 Mb.
ТипДокументы
источникhttp://literatura.kg/uploads/askarov_ataman.doc
1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   17

6-с ү р ө т


Өзгөндүн кабинети. Узун стол. Эки жагына койгон жумшак креслолор. Өзгөндүн жанында эки телефон. Өзгөн креслодо чалкалап отурат.


Ө з г ө н. – Кафеге сатуучу керек деп газеталарга жарыя кылдым эле, ар ким келе берип жадатып бүтүрдү. Бул жарыяны Бегимайга билдирип кой деп Сабырга дайындадым эле, алиге бир кабарлап койбоду. Ага азыр эле ызвандап көрөйүн. Ало-о, алоо Сабырсыңбы?

С а б ы р. – Ооба, ооба менмин. Жаңы эле институтка кеткени жатат элем. Убагында телефон чалдыңыз. Сиз, Өзгөн ага эмессизби?

Ө з г ө н. – Ооба менмин, Өзгөнмүн. Кафеге сатуучу керек экендигин Бегимайга айттыңбы? Газетаны колуна бердиңби?

С а б ы р. – Айттым, аткарам Өзгөн аке. Жумушуң кечки саат төрттөн башталып, түнкү саат он бирде бүтөт экен. Айлыгы жүз элүү доллар дегем. Көңүлдөнүп калган. Сизге телефон чалган жокпу?

Ө з г ө н. – Бул кафеде мен иштеп жаткандыгым жөнүндө айткан жоксуңбу? Негедир менден боюн алакачып жүрөт.

С а б ы р. – Жок айткан жокмун. Бирок акча жагынан өтө кыйналып жатса керек. Жаңгыз агасы бар турбайбы. Ал ооруканада экен.

Ө з г ө н. – Эгер иштетүүгө көндүрсөң, анда азаматсың.

С а б ы р. – Көндүрбөгөндө эмне, ал өзү үчүн болсо да көнөт. Керек десеңиз бүгүн эле ээрчитип барам. Бирге окугандан бери мамилебиз жакшы болуп жүрөт.

Ө з г ө н. – Аның жакшы экен. Ээрчитип келбей эле, өзүн жиберсең болбойбу?

Сабыр. – Болот Өзгөн ага. Бир гана өтүнөрүм мага бере турган акчаңызды дайындап коюңуз. Билесиз го студенттик турмушту.

Ө з г ө н. – Билем. Баары баштан өттү.

С а б ы р. – Жакшы калыңыз... (Өзгөн трубканы коет. Ары бери ойлуу басып суусундуктан ичет).

Ө з г ө н. – Та-ак, пулуң болсо кулуңмун деген ушул. Демек мен самаган максатка бир гана кадам калды. Эх, Бегимай, Бегимай, сен деп жүрүп акын да болуп кетет окшойм. (Блокнотун алып окуй кетет).


Сен деймин аппак шоола, аппак таңым,

Сен үчүн сүйүүм ысык, сүйүүм жалын.

Жанымда сен болбосоң, сен жүрбөсөң,

Тата албайм бул жашоонун таттуу даамын.


Мына ушундай Бегимай, көкүрөктөгү жалынды өчүрчү бүгүн. Эч болбсосо көрүнүп турчу көзүмө. Аккуум болчу өмүр шерик. Басайтпачы менин махабатымды. (Бир аз ойлуу басат да кайра сүйлөнө кетет). Эмне жинди болуп баратамбы? Сөзүмдү бирөө укса эмне дейт? А мен көчөдөгү адам эмесмин да.

Канча айткан менен кафенин директорумун. Кол астымда элүүгө жакын иштөөчүлөрүм бар. Бегимай келсе сөзсүз бардык иштерим менен тааныштырып чыгам. Үйдү көрүп бир таңданса, бул жерди көрүп дагы таңданат. Ушуларды көрүп туруп эле жүрөгү жибийт чыгар. (Саатын карайт). Саат төрт. Оу-у канча убакыт өтүп кетти. Сабыр мени алдадыбы? Жок, мүмкүн эмес. Ка-ап, ээрчитип кел деп эле койбой. (Эшик тыкылдайт Өзгөн чуркап жетип эшикти ачат. Эсепчи аял кирет).

Ө з г ө н. – Келиңиз. Кандай жумуш менен?

С а б и р а. – Салык инспециясынан кишилер келиптир. Сага кирем дешти эле, бош эмес деп койдум.

Ө з г ө н. – Туура кылгансыз. Баягыдай кылып сыйлап майлап жибериңиз. Менин бүгүн тынчымды албасын. Айылдан кишилер келмек эле, мен ошолорду күтүп жатам.

С а б и р а. – Сыйлап, майлап жиберерин жиберебиз. Расходу кандай болот?

Ө з г ө н. – Азыр расходун эсептей турган убакытым жок. Бирок текшерсин, ичсин, жесин, колуна акча бере көрбөңүз. Акча берсеңиз ага да көнүп алып, анан сүлүктөй соро берет.

С а б и р а. – Түшүнүктүү.

Ө з г ө н. – Ошондой кылыңыз эжеке. (Сабира чыгып кетет. Бегимайдын келбегенине кыжаалаттанып тынчы кете баштайт). (Телефон шыңгырайт).

Ө з г ө н. – Ким, бул?

Ү н. – Менмин акеңмин, Өскөнмүн. Кафеге түшкөн акчаны азыр жеткиз.

Ө з г ө н. – Ошончолук эмне. зарыл болуп кал­дыбы?

Ү н. – Зарыл.

Ө з г ө н. – Бүгүн жеткизе албайм. (Ачуулана трубканы кое салат.) Карачы башым да ооруп чыкты. (Башын сыйпалайт). Келбейин дедиби? Биротоло келбейин дедиби? Чын эле ага жетпей өтөмүнбү? Сабыр алдадыбы (чылымды бурулдата тарта кетет.) Мен бактысызмынбы? Жок, жок, андай эмес. Мен Бегимайдын жүрөгүнүн ачкычын табам. (Өзгөн зарыга күтүп саатын карай берет. Эшик ачылып, Сабыр, Бегимайлар кирип келишет.)

Б е г и м а й. – (Артка октос берип). Ой, сиз белеңиз. Сабыр, эмнеге жашырдың агайдын бул жерде иштей тургандыгын?

С а б ы р. – Жөн эле айткым келген жок. Бирок ушундай эле шарт менен башка кафеге иштемексиң да. Андан көрө өзүңдүн агайың. Мурдатан тааныш. Кайра жакшы эмеспи.

Ө з г ө н. – Бегимай, эмне менден качасың? Менин ойлонгонум сен үчүн жалаң жакшылык. Сен иштей турган орунга канчалар келип жатат. Эч кимге ыраа көрбөй, сени иштесин деп сактап отурам. Окууңа да, иштегенге да жакшы шарт түзүп берем. Менин колумдан келип тургандан кийин аны сен пайдаланып калышың керек.

С а б ы р. – Өзгөн аке туура айтып жатат. Мындай шарт бардык студенттерге келе бербейт. Иште, акчасын ал. Өз курбуларыңдан кем жашаба. Жашоо ушунусу менен кызык эмеспи. Ал эми иш жакпай баратса чыгып кет. Эч ким сага жолто кылбайт.

Ө з г ө н. – Иштеп көр Бегимай, жакпай баратса айт, бир мүнөт кармабайм. Сабыр айткандай кетем десең эч кандай жолто кылбайм. Кана, томсоруп тура бербей, ачыгын айтчы, иштейсиңби?

С а б ы р. – Иштейт да Өзгөн аке, жүз элүү долларды кайсы уюм, мекемелер төлөп жатыптыр. Мага ушундай жумуш таап берсеңиз жан деп иштемекмин.

Б е г и м а й. – Иштейин дейм бирок... (унчукпай туруп калат).

Ө з г ө н. – Эмне, бирок... Менден коркуп жата­сыңбы?

Б е г и м а й. – Жок эмнеге коркот элем. Агам авария болуп Бишкектеги ооруканага жаткандан бери, үйдөгүлөр айылга кел деп жатышат. Бир жылга руксат алып, эмки жылы эле окусам дейм.

Ө з г ө н. – Ушунчалык аракет менен өтсөң, анан кетип калганың туурабы? Айылга барган менен мындай айлык кайда. Мен сага бардык шарт түзүп берем дедим го.

С а б ы р. – Бегимайдын шартын мен жакшы түшүнөм, Өзгөн аке. Агасына дары дармек үчүн акча керек азыр. Эгер Бегимай иштей турган болсо аванса айлык берип турасызбы?

Б е г и м а й. – Эмне деп жатасың Сабыр. мен биерге акча сураганы келгеним жок! (кетүүгө камынганда, Сабыр колунан кармап калат).

Сабыр. – Сөзүмдөн ката кетсе кечирип кой Бегимай. Бирок мен сага боло айтып жатпаймынбы.

Ө з г ө н. – Баарын түшүнүп турам, Бегимай, агаңа жардам керек. Мындайда бизге окшогон акчалуулар жардам бербесе ким жардам берет? Мен ошол жакты анан сенин окууңду ойлоп жатам. (Чөнтөгүнөн акча сууруп чыгат). Үч жүз доллар. (Сабырдын көзү ала­йып кетет).

Б е г и м а й. – Мен муну албайм. Алсам иштеп алам. Колуңузду тартыңызчы ары.

Ө зг ө н. – Жок, аласың. Айлыгыңдын авансасы. Эртең эле иштейсиң. Муну айлыгыңдан кармап калам. Мен бекер берип жаткан жокмун Бегимай.

С а б ы р. – Ооба бекер эмес да, ал, ала кой. (Бегимай эмне кыларын билбей калат). Мага эле берип коюңузчу Өзгөн аке, анан эле өзүнө берип коем.

Ө з г ө н. – Анан берип коем деп, толук бербей кымтып алып жүрбө.

С а б ы р. – Андай адат жок Өзгөн аке... (Бегимай, Сабыр чыгып кетишет).

Ө з г ө н. (Көңүлү кушубак отургучка келип отурат). Мына эми Бегимай күндө көрүшөбүз. Сен мени түшүнөрсүң. Сүйүүмдүн тазалыгын сезерсиң. Сен мендик, мен сендик болуп жаралганыбызды турмуш кургандан кийин сезип, тагдырыңа ыраазы болорсуң.


7-с ү р ө т


Оорукананын ичи, 23-палата. Бектемир бир бутун асып коюп кроватта жатат. Үстүндө ак шейшеп, башы бинт менен оролгон. Палатага Максут аке, Канымжан, Бегимайлар киришет.

М а к с у т а к е. – Кандайсың ба-ла-м?! (Максут акенин үнү дирилдеп кетет. Канымжан менен Бегимайдын көзүнөн жаш чууруп бири-бирин кучактай калат).

Б е к т е м и р. – Деги ыйлабагылачы байболгурлар. Кудая шүгүр жаман эмесмин. Андан көрө менин көңүлүмдү көтөрүп, жөн-жайыңарды, ал абалыңарды айтып отургула. Мен ооруканага жаткандан бери турмуш тиричилигинер кандай болуп жатат?

М а к с у т а к е. – Биздин убактылуу кыйналганыбыз эч нерсе эмес балам. Сенин айыгып кеткениң эсеп. Мээ козголуп, бут сынган оңой кесел дейсиңби. Кудай мындай кырсыкты башка салбасын. Кайра аман калганыңа кудайга миң мертебе ыраазы бол балам.

Б е к т е м и р. – Мен го аз жатамбы, көп жатамбы айыгып барып калармын. Өзүңөрдүн ахвалыңар кандай? Апам оорубай, сыктабай жүрөбү?

М а к с у т а к е. – Менден, апаңдан кам санаба балам. Азырынча кыйгырдайбыз. Жаңы өкмөт пенсиябызды көбөйткөн. Канымжан болсо китепканага орношту. Баарыбыз айлык аларман болуп калдык. Турмуш-тиричилигибиз кудайга шүгүр, эл катары өтүп жатат. Бегимайды окууңду убактылуу токтот десек, бул жерден жумуш таап алыптыр. Окууна да жолто эмес экен. Мындай болгондон кийин окуй берсин да.

Б е к т е м и р. – Окуса окуй берсин, айылга барганда эмне жумуш кылмак эле. Кандай жумуш экен?

Б е г и м а й. – Кафенин буфетин кармайм. Айына бир жүз элүү доллар төлөйт. Кечээ жакында албайм десем болбой жатып үч жүз доллар аванса берди. Аны акеме таштап кетейин. Врачтарына, дары дармектерине керек чыгар.

Б е к т е м и р. – Жумушка орношконуң да жакшы болуптур. Бирок бул жерде алкымын араандай ачкан врачтар жок экен. Ойлогондору эле жакшылык. Акчаңдын бир азын таштасаң ташта. Калгандарын өзүңө жумшай бер. Сен деле эл катары кийинип, ичинбесең болбойт да.

М а к с у т а к е. – Ооба кызым, ансыз да көптөн бери сага эч нерсе берген жокпуз. Жанагы болор болбос стипендияң менен күн көргөндүрсүң. Эми жетишпегендериңди кенен сатып ал. Сага деп бир аз акча ала келдик эле, аны да таштап кетели.

Б е г и м а й. – Жок ата, кафеде иштеп турсам мага баары жетишет. Тамагым бекер болсо, айлык, стипендия алып турсам бир өзүмө кантип жетишпесин. Кайра арткан акчаларымды силерге жөнөтүп турам.

М а к с у т а к е. – Бизге эч нерсенин кереги жок кызым. Сак саламат болуп, окууңду бүтүп барсаң болду. Ал эми Бектемирге ушу бойдон качан келип кетерибизди билбейбиз. Сен күн сайын болбосо да, күн ара келип ал ахвалын сурап тур. Бизге баарынан да ошол керек.

Б е г и м а й. – Кантип келбей коеюн. Жаңгыз агамды сыйлабаганда кимди сыйламак элем.

М а к с у т а к е. – Кыздардан сен да жалгызсың. Өзүңө сак бол. Жашоодо жаңылыштык көп болот. Андайды кетирбеске тырыш.

Б е к т е м и р. – Кайсы кафе экен сен иштеп жаткан жер?

Б е г и м а й. – «Бакыт» кафеси.

Б е к т е м и р. – Баягы Өзгөн агайыңдын кафеси каякта экен?

Б е г и м а й. – «Бакыт» кафе деген ошонуку.

Б е к т е м и р. – Демек сен ошонун кол астында иштеп жатасыңбы?

Б е г и м а й. – Ооба аке.

Б е к т е м и р. – Ал карт бойдок сенин башыңды айландырып жүрбөсүн. Бир окууга өткөзүмүш болуп, бир кафесине орноштурумуш болуп.

Б е г и м а й. – Андайы жок аке. Иштегенден бери ага, карындаштай эле мамиледе жүрөбүз.

Б е к т е м и р. – Билбейм, мен ага көп ишене бербейм.

М а к с у т а к е. – Эмне эле ал баланы жаман көрүп жүрөсүң? Бир убакта атайы үйгө барып, кызыңызды окууга өткөзөйүн. Убагында билим алып калсын деди эле, эми көрбөйсүңбү убадасына туруп карындашыңды окууга өткөздү. Минтип ишке орноштура салыптыр. Бул адамга кылган жакшылык эмей эмне. Эгер ага жолуга турган болсом, ыраазычылыгымды билдирет элем.

Б е г и м а й. – Өзгөн агай Бектемир агага өзүм жолугам. Ал ахвалын сурайм. Үч жыл айылдын суусун ичип, тузун таттым. Эли бир тууганымдай болуп калды. Анан кантип Бектемир акени унутайын. Колум бошосо эле барам. Тааныш врачтарга дайындап коем деп жаткан.

М а к с у т а к е. – Мына көрдүңбү Бектемир, адамкерчилиги бар адамдар ушундай болот. Эмесе ал жигит кайсы жакындарыбыздын баласы дейсиң. Керек болсо бизге окшогон карапайым адамдарды тааныбай да коймок. Конторуна кирсең боюн асманга көтөрүп, саламга келбеген адамдар канча. Бул баланын колунда бар болсо да жупунулугу, жөнөкөйлүгү жакты. Бизге жакшылык кылса, ага кудай жакшылык кылат.

К а н ы м ж а н. – Бектемир атама каяша кылганыңды койчу. (Канымжан сумкаларын аңтара баштайт). Мына сага жаңы кийимдерди сатып апкелдик. Кийип келген кийимиңди чыгарыңда өрттөп сал. Жаманчылыктын баары ошол менен кетсин. Көңүлүң аппак, таза болсун деп ак көйнөк, агыш костюм шым алдык. Буйруса ушул кийимиң менен үйгө барасың. Башың көтөрчү, кийимдерди баш жагыңа коюп коелу. (Канымжан кийимдерди ырааттуу баш жагына коюп коет. Ошол маалда ак халат менен Өзгөн кирип келет).

Ө з г ө н. – оо, кандайсыз Максут аке, күүлүү күчтүү жүрөсүзбү? Мырзан апа кандай, күлүү кубаттуу элеби? Айыл аман эсенби? Оо Канымжан жеңем да келген тура. (Бектемир, Канымжандар менен кол алышып учурашат). Силердин бүгүн келериңерди билбейт элем. Бектемир акенин ден соолугун сурайын деп дарылап жаткан врачына телефон чала салсам, жакын адамдары келип сүйлөшүп отурат деди. Угуп алып эле учуп жөнөдүм. Бир жагы силерди көргүм келсе, бир жагы Бектемир акеге келе албай жүргөм. Эми апкелгендеримди столго төгөйүн. (Столго ар түрдүү тамактарды коет. Бир бөтөлкө аракты алып, Бектемир жакка жылдырат). Муну врачтарыңызга берип коюңуз Бектемир аке. Бул жөнөкөй арак эмес. Германиядан бир досум ала келиптир. Ошол сизге буйруганын кара­саңыз.

М а к с у т а к е. – Сыйга сый, сыр аякка бал дейт балам, бул сыйың жерде калбайт. Кызыма да кылып жаткан жардамың чоң экен. Ал жакшылыгыңды да унута албайбыз. Иши кылса Бегимайды карындашыңдай көрүп канаттууга кактырбай, тумшуктууга чоктурбай дегендей көз сала жүр.

Ө з г ө н. – Бегимай жөнүндө кам санабаңыз. Жашоосуна да, окуусуна да шарт түзүп берем. Буга ишенесиз да?

М а к с у т а к е. – Алибетте ишенебиз. Жакшылыкка жакшылык менен кайтаруу бизге парс эле. Ал да болор, Бегимай окууду бүтүп барса, баарыдан мурда сени сыйлайбыз агай.

Ө з г ө н. – Сиздин ушул жакшы сүйлөп койгондуңуздун өзү сый. Буйруса Бегимай окууду бүтүп барса, сөзсүз кошо барам. Машиналары гүүлдөгөн, бака-шакасы көп шаарды эмес, атыр жел, салкын абасы бар айылды сагындым.

М а к с у т а к е. – Баракелде, айылды унутпаганың жакшы. (Столдогу тамак желип дасторкон жыйналар алдында). Кана, алаканыңарды жайгыла. Бектемир бат айыгып кетсин. Кыдыр даарып, бак карасын! О-э-мий-иин! Эми Бектемир биз жактан санаа чекпе. Тез айыгып кет. Биз кетели.

Б е к т е м и р. – Айылдагыларга менден салам айтып коюңуз. Жакшы болуп калыптыр. Жакында келет деңиз.

М а к с у т а к е. – Дубай саламыңды жерге таштабайм балам. Моюнума карыз кылбай барарым менен айтам.

(Баары кетишет). Көшөгө.


8-с ү р ө т


Көчөдөгү скамейкада Бегимай менен Жазбек кучакташып отурушат.


Ж а з б е к. – Арадан аз убакыт өткөнү менен мен сени сагынып кеттим. Сенчи?

Б е г и м а й. – Мен да сагындым. Бирок сен келет деп ойлогон эмесмин.

Ж а з б е к. – Анда сен менчелик сагынбасаң керек ээ?

Б е г и м а й. – Сагынган үчүн кучагыңдан чыкпай отурбаймынбы. Эмне, дагы эле кызганыч ой келип жатабы?

Ж а з б е к. – Жок, алтыным, кызганыч дегенди баягыда эле түкүрүп таштабадым беле. Тү-ү деген түкүрүк, жерге түшсө макүрүк дешет ко. Мен түкүргөнүмдү макүрүк кылып, кайрадан кызганмак белем. Андан көрө:

Бирге эле туралычы,

Ыр ырдап угалычы.

Сүйүүнүн мунарасын,

Биз бүгүн куралычы,– дегим келет.

Б е г и м а й. – Ырдаса ырдайлы, бирок жай ыр­дайлы. Карачы жаныбыздан кишилер өтүшүп жат­пайбы.

Ж а з б е к. – Ооба жай ырдайбыз. Эмне мен баштайынбы?

Б е г и м а й. – Алибетте сен баштайсың.

Ж а з б е к. – Мен баштасам элден мурда эриниңен өптүрүп кой.

Б е г и м а й. – Ой-и-и-й, эринименби?

Ж а з б е к. – Ананчы.

Б е г и м а й. – Элден уят ко?

Ж а з б е к. – Бизди өбүшүп алсын деп, карачы, биерден эч ким өтпөй калды. Кана бурулбай бери карасаң (Жазбек Бегимайдын бетин ала качканына карабай, өзүнө тартып өөп алат).

Б е г и м а й. – Тү-ү-ү-в минтип өбүшкөн жаман экен го. Өпсөң мындан ары бетимден эле өөп жүрчү, Жазбек. Макулбу?

Ж а з б е к. – Макул эмесмин. Биздей эле улан кыздар ушинтип өбүшүп жүрүшпөйбү.

Б е г и м а й. – Аның чын го. Бирок индиянын сүйүүсүндөй сүйүү болсо дейм.

Ж а з б е к. – Ал кандай сүйүү?

Б е г и м а й. – Алар дароо эле өбүшө кетпейт. Бири биринин тунук махабатын бий менен, дене боюнун жакындашуучу менен билдирет экен.

Ж а з б е к. – Ар элдин салты ар башка. Бизде алакачмай деген бар. Сүйлөшүп, же сырдашпай туруп эле кызды жигит күчкө салып алып кетет. Кыз таш түшкөн жерде оор деген боюнча сүйбөгөн адамы менен жашап калат. Эгер ушундай тагдырга туш болсоң, эмне кылар элең Бегимай?

Б е г и м а й. – Көйнөк, жоолуктарын тытып колуна бермекмин. Үнүмдүн бардыгынча кыйкырып, элди чогултуп, бошонуп кетмекмин.

Ж а з б е к. – Менимче алакачып алгандардын сүйүүсү бекем болбойт. Бат эле ажырашып кеткендерди көрүп жүрбөйбүзбү.

Б е г и м а й. – Сен да Өзгөн агай алакачып кетет деп кооптонуп жаткан жоксуңбу?

Ж а з б е к. – Көбүнчө ошону ойлоном. Колунда бар адам. Кандай кылам десе ошондой иштей алат. Бирок экөөбүздүн тагдырыбызды ойлосо андай наадандыкка барбас.

Бе г и м а й. – Азыр мага эч нерсе дей элек. Ага менден башка деле кыздар толуп жатпайбы. Эгер жакындайм деп тийише баштаса, ошол саатта эле кетип калам.

Ж а з б е к. – Баары бир мен ага ишенбейм. Кетеличи айылга. сен сырттан окууга которулуп ал.

Б е г и м а й. – Биринчи курсту аяктайын. Мейли анан сенин айткандарыңдын бардыгына баш ийем. Макулсуңбу? (Жазбек башын тырманып, ойлуу туруп калат).

Ж а з б е к. – Буга да көндүм. Кана колуңду берчи. (Жазбек колун кармап өзүнө тартып Бегимайды бооруна кысат).

Б е г и м а й. – Ырдайм дебедиң беле, эмне эсиңден чыгып кеттиби?

Ж а з б е к. – Жок, эсимден чыккан жок. Кайсы ырды ырдайлы?

Б е г и м а й. – Билбейм.

Ж а з б е к. – Рыспай Абдыкадыровдукун.

Б е г и м а й. – И-и-и ошонун ырын ырдайлы. Сен жакшы көрсөң мен да жакшы көрөм. (Экөө жай «Алмашым» деген ырды ырдашат).

Ж а з б е к. – Мына ырдап да бердим. Эми бир поцелуй.

Б е г и м а й –(колу менен көрсөтүп). Только бетимден. Мен көрсөткөн жерден гана.

Ж а з б е к. – Жок эриниңен.

Б е г и м а й. – Ортобузда индийский сүйүү болсун дедим эле го.

Ж а з б е к. – Мен кыргыз жигитимин. Болбойт дедим болбойт. (Бегимай өптүрбөй бак аралай качат. Жазбек кубалайт.)

Б е г и м а й. – Ө-ө-өх! Чарчаттың го. (Жазбек кучактап калып, эрининен өөп алат). Э, десе зордукчул экенсиң...

Ж а з б е к. – Зордукчул мендей болбойт. Зордукчулдар күйдүм, сүйдүм деп ээрчип жүрбөйт. Бат эле ойлогон оюн аткарып алат. Андай зөөкүрлөрдү турган жеринен атып салса ээ.

Б е г и м а й. – Ошентсе го. Наадандык, тартипсиздик жоюлар беле. Бирок атамдын айтуусуна караганда мурда эл ынтымактуу жашап, адамкерчиликтери бийик болгон дейт. Бары, жогуна кайрымдуу болуп, бир нанды тең бөлүшүп жечи экен. Эми көчөдө отурган кайырчыларды көрүп боорум ачып кетет.

Б е г и м а й. – Менин да жүрөгүм ооруп чыгат. Айла канча. Эгер колумдан келсе миң-миң деген акчаларды ошолорго таратат элем. (Ары жактан селкинчек тээп, каткырып жаткан бөбөктөрдү көрүп маашырлана карап калышат).

Б е г и м а й. – Кандай татынакай бөбөктөр. Мен ушулардай эки бөбөктү самаар элем. Алардын бири кыз, бири бала болсо гана.

Ж а з б е к. – Жок Бегимай эки эмес...

Б е г и м а й. – Анан канча болсо дейсиң?

Ж а з б е к. – Он болсо дейм. Аларды аман-эсен чоңойтуп алсак балпайган кемпир чал болобуз. Алардын ар кимисине кыдырып жүрүп, өмүрдүн кандай өткөнүн билбей калабыз. Баса, кыз узатабыз, баланы үйлөндүрөбүз, той үстүндө той болуп экөөбүз сайрандап жүрө беребиз. Чынында адам баласы урук калтырсам деген максат менен жашайт тура. (Бегимай кетүүгө камына баштайт).

Б е г и м а й. –Сагынычың тарадыбы?

Ж аз б е к. – Кайдан тарайт. Болгону эки саат гана отурдукко.

Б е г и м а й. – Ошол сага азбы? (Бегимай ордунан тура калат). Аз болсо да, көп болсо да ушуга каниет алалы. Мен кетейин. Зачет берейин дедим эле кечигип калбайын.

Ж а з б е к. – Эч болбосо он, жыйырма мүнөт кучакташып отуралычы. Мен анан сага уруксат берем. (Жазбек чачтарын сылайт, өбөт, эркелетет).

Б е г и м а й. – Болду эми Жазбек, мышыкты уйпалагандай уйпалап жүдөтүп бүтүрдүң го. Болду, болду. Мен кетейин. (Экөө кучакташып бирге баратып, көрүнбөй калат.)

Көшөгө.

1   ...   9   10   11   12   13   14   15   16   17

Похожие:

Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconКадыров Ысмайыл. Кыргыздын Гиннесс китеби. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2008. 216 б китебинен алынды
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconКитеп жалпы кыргыз окурмандарына арналат Эшимкулова Гүлмира. Академик. Повесть. Б.: Бийиктик, 2006. 124 б китебинен алынды
Текст же анын үзүндүлөрүн коммерциялык максатта пайдалануу жана нускасын чыгаруу уруксат эмес
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды icon51278-2008 от 13. 10. 2008, 51283-2008 от 13. 10. 2008, 51285-2008 от 13. 10. 2008, 51290-2008 от 13. 10. 2008, 51825-2008 от 16. 10. 2008, 51827-2008 от 16. 10. 2008
Объемы закупки в натуральном выражении: 1 2 ед. / 5-6 1655 компл. / 7 30 компл. / 8 4 компл. / 9 30 наим. / 10 8 ед. / 11, 14 1 шт....
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconКыргыз Республикасындагы Безгек менен күрөшүү жана профилактикалоо боюнча чараларды күчөтүү жөнүндө
...
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconКодекс Республики Казахстан
Казахстанская правда" от 5 декабря 2008 года, №265-266 (25712-25713); Ведомости Парламента рк, 2008 г., №21 (2525) ст. 93; Қазақстан...
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconА. С. Ормушев Кыргыз Республикасынын араб мамлекеттери менен түзүлгөн саясий, экономикалык, маданий мамилелери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын араб мамлекеттери менен түзүлгөн саясий, экономикалык, маданий мамилелери жөнүндө
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconИнструкция по работе с программой актин-2008
Скачайте программу актин-2008 на свой компьютер (программа актин-2008 размещена на сайте кгу в подразделе документы раздела наука...
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды icon“Кыргызстан-Түркия” ишкердик форумунун баардык катышуучуларын, Кыргыз жана Түркия ишкерлерин бүгүнкү соода-инвестициялык ишкердик форумунун ачылышы менен
Кыргызстан–Түркия” ишкердик форумунун баардык катышуучуларын, Кыргыз жана Түркия ишкерлерин бүгүнкү соода-инвестициялык ишкердик...
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconЕ. В. Голубина Химия областындагы инновациялык
М. В. Ломоносов атындагы мму ректорунун 2007-жылдын 25-сентябрындагы №698 буйругу менен түзүлгөн
Бул китепти колуна кармап окуган ар бир окурман аягына чыкканча ынтаа менен окууруна ишеним бар. Аскаров Ч. Атаман уурулардын тагдыры. Б.: 2008. 188-б китебинен алынды iconКыргыз Республикасынын Улуттук банкы менен коммерциялык банктардын, алардын акционерлеринин ортосунда жъръп жаткан соттук териштиръълёргё тиешелъъ маалымат

Разместите кнопку на своём сайте:
Документы


База данных защищена авторским правом ©kzdocs.docdat.com 2012
обратиться к администрации
Документы
Главная страница